Шашылыш билдирүү: Өлкөдө кар жаашы күтүлөт

31-октябрда жана 1-2-ноябрда өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

1-3-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу болушу күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 9…14° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1441 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо