
Социал демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев жакында маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдө болуп жаткан бардык ыңгайсыз маселелер боюнча суроолорго жооп берет. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина журналисттерге билдирди.
Ирина Карамушкинанын айтымында»Азыр Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын берүүгө даярданууда. Ал учурда коомчулукта талкууланып жаткан бардык маселелер боюнча суроолорго жооп берет», — деди депутат.
Эл өкүлү фракция лидери Өмүркуловдун саясий кеңештин жыйыны болорун билген эмесмин деген билдирүүсү суу кечпейт деген пикирин да билдирди.
«Өмүркуловго маалымат берилген. Бирок ал акыркы учурда партиянын жыйындарын көз жаздымда калтырып келет. Буга чейинки да саясий кеңештин жыйынына келген эмес», — деди Карамушкина.
Эскерте кетсек, кечээ, 31-октябрда Өмүркулов КСДП катарынан чыгарылып, ал эми бүгүн ЖКда маалымат жыйын өткөрдү.
Өмүркулов аны КСДПдан чыгаргандарды чыккынчылар деп атаган болчу.
Пикир калтыруу