
Бүгүнкү 1-ноябрдагы жарым финалдык оюнда Чүй Таластык улакчыларды 5:1 эсеби менен утту. Андан кийинки оюнда Ысык-Көлдүктөр Ош облусун 1:0 эсебинде жеңип алды. Эми көк-бөрү боюнча өлкө чемпионатынын финалдык беттеши Чүй менен Ысык-Көл командаларынын ортосунда болмокчу. Ал эми үчүнчү орун үчүн Ош менен Талас командалары ойнойт.
Эскерте кетсек, финалдык оюндар 3-ноябрда Оштун «Төлөйкөн» ат майданында болмокчу. Чемпионатка жети облус жана эки шаардын курама командалары күч сынашты. Байге фонду 2 миллион сом. Биринчи орунга 500 миң сом ыйгарылаары кабарланган.
Пикир калтыруу