
Көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын жарым финалчылары аныкталды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
31-октябрдагы оюндардын жыйынтыгында Ош облусунун улакчылары Нарындын оюнчуларын 8:1 эсебинде жеңди. Таластан барган көк бөрүчүлөр Ысык-Көл облусунун командасын 7:1 упай менен утса, Чүй командасы Ош шаарынын улакчыларын 12:3 эсеби менен жеңди.
Эми бүгүн, 1-ноябрда жарым финалдык оюндар өткөрүлмөкчү. Эреже боюнча анда өз тайпасынан (үч тайпадан) озуп чыккан командалар ойнойт.
Ал эми үч тайпадан 2- орунду алгандар өз ара беттешип, төртүнчү жарым финалистти аныкташты. Анда Жалал-Абад, Бишкек жана Ысык-Көл командалары өз ара беттешип, аягында Ысык-Көл командасы артыкчылык көрсөттү. Калган экөө жеңилип, оюндан чыкты.
Натыйжада саат 14.00дө Чүй менен Талас, 15.30да Ош менен Ысык-Көл облустарынын командалары оюн талаасында кездешмей болду.
Пикир калтыруу