Өмүркулов лидерликте калабы? Түшүндүрмө

31-октябрда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды. Өмүркулов партиянын максаттарына жана уставына каршы аракеттерди  жасагандыгы үчүн четтетилгендиги айтылган.

Өмүркулов октябрда төрт облуста «Атамбаевсиз КСДП» жыйналышы өткөндөн кийин партиянын мүчөлүгүнөн ажырады. Бирок бул боюнча пикирин билдирген эмес.

Иса Өмүркулов КСДП партиясында 25 жылдан бери мүчө болуп келген. Партиядан четтетилишин легитимсиз деп эсептеп, чечимди тааныбай турганын билдирүүдө.

Азырынча Өмүркуловдун КСДП фракциясынын лидерлигинен кетээр же кетпеси белгилүү боло элек.

Депутат кандай учурда партиядан чыгарылат?

Саясий талдоочу Алмаз Ахматалиев билдиришинче, мүчөлүктөн четтетүү ар бир партиянын уставына жараша болот. Бирок партиядан чыгарылган депутат мандатын жоготпойт.

Айтымында, фракциядан чыгуу боюнча арызды депутат өзү  жазса, анда ал автоматтык түрдө мандатынан ажырайт.  Эгер фракция өзү  чыгара турган болсо, эркин депутат болуп иштей берет.

«Императивдик мандат деп коет. Бул партиядан ажыратылса деле депутат болуп иштей берет. Бул атайын киргизилген конституциялык норма. Эми азыр КСДПда кызык абал түзүлүп калды. Партия өзүнчө оокат кылып жатат. А фракция өзүнчө иш алып барып жатат. Бул деген албетте парадокс», — деди Алмаз Ахматалиев

Саясат таануучу Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, партия өзү четтеткен депутаттардын статусу мыйзамда так көрсөтүлгөн эмес. Эл өкүлү партиядан чыгарылгандан кийин фракциянын ичинде жүрө берет. Бирок фракциянын лидери болгонго моралдык укугу калбайт.

«Бизде мындай нормалар каралган эмес. Партиядан чыкса фракциянын жетекчиси кандай болот. Парламенттеги депутаттар статусу, саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамда конкреттүү түрдө көрсөтүлгөн эмес. Бизге система жаңы келгендиктен мыйзамды кабыл алгандан кийики юанстар башыбыздан өткөн эмес», — деди Төлөгөн Келдибаев.

Келдибаев кошучалагандай, парламенттеги депутаттардын статусу жана саясий партиялар тууралуу мыйзамга азыркы болуп жаткан окуялар өзгөртүүнү талап кылат.

Буга чейин кайсы депутаттар партиядан чыгарылган?

2017-жылы 25-октябрда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Тазабек Икрамовду, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмаз Жутановду фракциянын саясатын колдобой жатат деген жүйө менен чыгарылган.

2017-жылы 24-мартта Жанар Акаев КСДП фракциясынан четтетилген. Фракция жетекчилиги Акаевдин жүрүм-туруму, саясий позициясы КСДПнын көз карашына каршы келгени менен түшүндүргөн.

2011-жылы 14-сентябрда“Ар-намыс” партиясынын максаттарына туура келбеген аракеттери үчүн деген себептер менен Токон Мамытов, Анвар Артыков жана Акылбек Жапаров аталган партиянын катарынан четтетилишкен.

2012-жылы 17-мартта “Ата Мекендин” эки депутаты Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбеков фракциядан да, партиядан да чыгарылган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1434 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо