Месси машыгуусун баштады

Аргентиналык футболчу, «Барселона» клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин колу сакайып, машыгуусун баштады. Бул тууралуу “Барселона” футбол клубунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 31 жаштагы футболчу  өзүнчө Жерар Пике жана Жорди Альба менен бирге машыгып жатат. Бирок жалпы курамга качан кошулаары али белгисиз.

Эсиңиздерге сала кетсек, аргентиналык футболчу 21-октябрда “Севилья” командасы менен болгон беттешүүдө колунан жаракат алган.

Беттешүүнүн 26 мүнөтүнө келгенде “Севилья” командасынын жарым коргоочусу Франко Васкес менен катуу кагышып, Мессинин колу сынган. Дарыгерлер атактуу футболчу колунун жаратынын айынан үч жумага чейин оюндарга катыша албастыгын белгилеген.

Испания чемпионаттынын 9 айлампасында “Барселона -Севилья” беттешүүсү 4:2 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктаган болчу.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо