Архив кызматы электрондук системага өтөт

Архив имараттары капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңы жабдуулар менен камсыздоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Материалдык-техникалык база чыңдалып, архив кызматы тейлөөнүн электрондук системасына өтөт. 

Бул  президенти Сооронбай Жээнбековдун Ош облустук мамлекеттик архивине барган учурунда белгилүү болду. Мамлекет башчысы архивдин кызматкерлерин жаңы имараттуу болушу менен куттуктап, улуттук архивдерде ар бир мамлекеттин тарыхынын, маданиятынын, турмушунун өзгөчөлүктөрү сакталаарын белгиледи. Алар – улуттун документалдуу баалуу байлыгы.

Кыргыз автономиялуу облусунун 1926-жылдын 30-августундагы «КАО архив ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна ылайык, республиканын бардык аймактарында мамлекеттик архивдин туруктуу тутуму түзүлгөн.

Анын ичине Ош облустук мамлекеттик архиви дагы кирет. Ал 1964-жылы курулган. Негизги имаратка батпай калган документтерди сактоо үчүн жаңы имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 18 млн. сом бөлүнгөн.

Учурда МККнын алдындагы Архив агенттигинин тутумуна 66 борбордук, облустук, райондук жана шаардык архивдер кирип, аларда кагаз негизиндеги  XIX кылымдан тартып Кыргызстандын тарыхын чагылдырган 4,5 миллиондон ашуун документ жана 110 миң аудиовизуалдуу документтер сакталат.

КРнын архив фондун 1831-жылдан баштап сакталган архивдик документтер түзөт. Бул документтер Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн, мамлекеттик башкаруусун жана түзүлүшүн, анын чек араларын жана бардык чөйрөлөрдөгү өнүгүүсүн чагылдырып турат.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 5433 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо