Бир жума иштеп кеткен Каримова. Кимдер кыска мөөнөт иштеген?

24-октябрда ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык орто окуу жайдын директору болуп дайындалып,  1-ноябрда кайрадан кызматтан бошотулду.

Маалымат жана туризм министри болуп жаңы эле бекитилген Азамат Жаманкулов , Самара Каримованы 1-ноябрда кызматтан бошотту. Ага мыйзамсыз дайындалгыны себеп болгон.

Самара Каримованын дайындалышы боюнча буйрукка маданият министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секинов Ташкентте командировкада жүргөндө кол койгон.

Ырчы жетекчилик кызматтан, биринчи жолу кеткен жок, буга чейин «Сулайман-Тоо» музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, бирок коомчулуктун катуу сынынан кийин, бул кызматтан баш тарткан.

Кыска мөөнөт иштеген айрым жетекчилер кимдер?

Кыргызстандын тарыхында буга чейинки кыска мөөнөт иштеген болгон. Алар маданият кызматкерлери эле эмес, саясий кызматта иштеп кеткендер да бар. Биз аларды тизмектейбиз.

Дүйшөнбек Зилалиев 2017-жылы 23-ноябрда мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп дайындалган. Көп өтпөй эле 21-декабрда «бомба чуусу» боюнча кызматтан кеткен. Ага чейин ал Сапар Исаков баштаган өкмөттө вице-премьер-министр болуп кыска мөөнөт иштеген. 

 

Азим Исабеков 2007-жылдын 29-январынан, 29-мартына чейин Кыргызстандын премьер-министри болуп иштеген. Ал Кыргызстандын кыска мөөнөт иштеген өкмөт башчысы катары тарыхта калган. Башка өкмөт башчылардан айырмаланып, А.Исабеков расмий дайындалган. Бирок анын кызматтан алынганы коомчулукка айтылган эмес.

 

 

Ишенбай Кадырбеков 2 күн Кыргызстанды башкарган. 2005-жылы 24-мартта элдик төңкөрүштөн кийин Жогорку Кеңешке төрага болуп шайланып, бир эле убакта президент жана өкмөт башчынын да милдетин аткарган. Ал  25-мартка чейин иштеп, бийликти К.Бакиевге өткөрүп берген.

 

Медетбек Керимкулов өкмөттү туура жыйырма күн башкарган (2005-жылдын 20-июнунан 10-июлга чейин). Керимкулов Ош шаарына 1994-жылы Токмоктун мэрлигинен, Ош шаарынын калаа башчылыгына которулган. Бирок мэр шайлоодо ал жеңилип калган. Ошту 6 айга жетпеген убакыт башкарган. 

 

 

Кыргыз өкмөт башчылыгын жетектөө рекордду Алманбет Матубраимов койгон. Ал аткаруу бийлигин бир күн башкарган. 1993-жылдын 13-декабрынан 14-декабрга чейин. Ал муну менен эгемен Кыргызстандын тарыхында 4 чү өкмөт башчы болуп калды. Ал ошондон бери чоң кызматтарга бара элек. 

 

 

Кеңешбек Дүйшөбаев 2005-жылды 23–25-мартта ички иштер министри болуп иштеген. Ал 2010-жылда элдик  революциядан кийин 7-апрель күнү УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. Бирок бул кызматты эки жыл аркалаган. Эки жолу президенттик шайлоо талапкерлигин койгон. 

 

Кубанычбек Жолдошев 2005-жылдын январь айынан март айына чейин Ош облусунун губернатору болуп иштеген. Бул кызматтан элдик ыңкылапчылар күч менен алып салгандан кийин саясаттан кеткен. 

Мыйзам боюнча жетекчилер кызматка кыска мөөнөткө дайындалбайт. Эң жогорку орган эсептелишкен Президент, Жогорку Кеңеш жана КРнын өкмөтү өздөрүнүн мыйзамда жазылган укуктарына байланыштуу кызмат орундарына дайындайт жана бошото алат.  Өкмөткө караштуу кызматтарга КРнын өкмөту жөнүндөгү мыйзамда бардык жетекчилерди премьер-министр дайындайт жана кызматтан алат. 
Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо