
КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Астана шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.
Мындан тышкары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Оставьте первый комментарий