Жаш лидерлерге “Дилгир” курсу башталды

Ош шаарында “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук бирикмеси Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарынан жаш лидерлер үчүн “Дилгир” курсун баштады.

Курска катышуу үчүн жаштар борборлорунун өкүлдөрү, коомдук жашоого активдүү катышкан формалдык эмес жаштар лидерлери тандалып алынган. “Дилгир” жаш лидерлерди даярдоодо билим жана көнүмдөрдүн бирдиктүү комплекси болуп саналат жана жаштар лидерлеринин өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, Кыргызстанда коомдун алдында жарандык жоопкерчиликти түптөөгө багытталган.

Бул окутуу курсу жаштарга чечимдерди кабыл алуу процесстеринде активдүү болушуна жардам берет. Тынчтык коомун түзүүдө жарандык демилгелерди илгерилөө, туура эмес идеологиялардан алдын алууда коомдогу негизги катышуучулар болот деп ишенем”, — деп билдирди “Жаштарды өнүктүрүү институтунун” жаштар менен иштешүү адиси Жадыра Балабасова.

2018-жылдын октябрь айынан 2019-жылдын март айына чейин өтүүчү 6 айлык окутуу учурунда катышуучулар Ош шаарына 3-4 күндүк тренингдерге келип турушат. Катышуучулар жаштар менен иштешүү, мамлекеттик жаштар саясатын эффективдүү ишке ашырууну үйрөнүшөт. Ар бир тренингден кийин өзүнүн коомунда аткаруучу тапшырмаларын алышат. Курстун аягында катышуучулар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен чогуу жаштардын талабын аткарууга жана алардын өнүгүүсүнө шарт түзүп берүүгө багытталган мини гранттарды алышат.

Окутуу учурунда өзгөчө практикалык ишке, жаштар менен иштешүү жана мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу жаатында алынган билимдин бышыктоого көңүл бурулат. Окутуунун аягында катышуучулар ишкердик боюнча кошумча курстан өтүүгө жана өздөрүнүн бизнес идеяларын мини гранттар аркылуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн алышат”, — деп билдирди Мукаш Калдаров, ПРООНдун долбоорлор координатору.

Курс жаштар лидерлери үчүн окутуу-методикалык комплексинин негизинде жүргүзүлүп, 8 модулдан турат: көп түрдүүлүк жана жаштар укуктары, лидерлик, тайпа жана эффективдүү коммуникация, жаштар менен иш алып баруу, жаштар саясаты, жергиликтүү жаштарды өнүктүрүү стратегиялары, фандрайзинг, социалдык долбоорлоо жана ишкердик, кыйноо менен берилген идеологияларды алдын алуу жана жаштар коомдун өнүгүү субъектиси.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3499 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо