Бүгүн бүткүл дүйнөлүк мырзалар күнү

Бул майрамды белгилөө демилгесин 2000-жылы мырзаларга карата дискриминацияны токтотуу максатында Михаил Горбачев көтөрүп чыккан. Идеяны биринчи кезекте БУУ колдоп, андан кийин дүйнөлүк башка уюмдар ишке ашырууга көмөктөшө башташкан. Мырзалардын бүткүл дүйнөлүк күнү ноябрь айынын биринчи ишембисинде белгиленет.

Албетте “Men`s World Day” (Бүткүл дүйнөлүк мырзалар күнү) дайыма белгиленип келген 23-февралга караганда популярдуулугу төмөн. Бирок уюштуруучулар бул көрүнүштү түп тамыры менен өзгөртүүнү каалашат. Анткени 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнү болуп эсептелинет. Ал эми бүткүл дүйнөлүк мырзалар күнү баарын өзүнө камтыйт. Бул майрамдын дагы бир өзгөчөлүгү болуп ал адамдын социалдык статусун, жашын эсепке албайт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3454 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо