Көк-Бөрү: Талас облусу 3-орунду камсыздады (фото)

Көк-бөрү боюнча Ош шаарында өтүп жаткан республикалык мелдеште Талас облусунун командасы 3-орунду камсыздады. Таластан келген улакчылар Ош облусу менен кез келип, эсеп 5:0 менен аяктап Талас облусунун пайдасына чечилди. Алар жарым финалдык оюнда Чүй облусунан келген улакчылардан жеңилип финалга өтпөй калган болчу. Ал эми Ош облусунун көк-бөрүчүлөрү 4-орунда калды. Алар буга чейин Ыссык-Көл командасы менен мелдеште утулуп калышкан.

 

 

 

 

 

 

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо