Усэйн Болт футболдон кетти

 Бул тууралуу “Fox Sports Australia” басылмасы жар салды.

Маалыматка ылайык австралиялык футбол клубу Усэйн Болтко келишимдеги каржы маселеси туура келген эмес.  Австралиялыктар келишим даярдашкан бирок төлөмдөрүнө футболчу ыраазы болгон жок. Алар жылына 150 миң доллар айлык сунуштаган. Ал эми Усэйн Болт үч миллион долларга чейин киреше алууну максат кылган. Натыйжада эки тарап тең бир келишимге келе алышпай Усэйн Болт «Сентрал Кост Маринерс» футбол клубунан кеткен.

Ал буга чейин да футболдон кетерин журналистерге кабарлаган. Анын башкы себеби катары каржынын аздыгын жүйө кылган. Усэйн Болт олимпияданын сегиз жолку чемпиону. Усэйн Болт жеңил атлетика боюнча карьерасын 2017-жылы Лондон дүйнө чемпионаттынан кийин аяктаган. Андан кийин ал  өзүн футболдо сынап көрүүнү чечип авзтралиялык футбол клубу менен келишим түзгөн болчу.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо