Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 млн доллар бөлөт

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA — Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоону макулдашты

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт, анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы кайтарымсыз. Каражат 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

«Digital CASA» долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат. Келишим парламентте ратификацияланганга чейин анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болууга тийиш. Санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1434 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо