Флойд Мейвезер өзүн 8 бурчтукта сынап көрөт

Флойд Мейвезердин аралаш мушташ боюнча алгачкы беттеши 31-декабрда Японияда өтөт.

Америкалык  боксчу Флойд Мейвезер октагонго чыгып көрүүнү пландап жатканын USA Today телеканалы билдирди.

Бул туурасында мушкер Instagram баракчасына да жарыялаган.

 

Мейвезер аралаш мушташтагы алгачкы кармашын Rizin спорттук уюмунун алкагында 31-декабрда Токиодо өткөрөт. Анын атаандашы 20 жаштагы кикбоксчу Тенсин Нацукава болмокчу.Спортчу жалпы 26 беттеш өткөрүп, эч утулган эмес. Флойд Мэйвезер да карьерасында жеңилип көргөн эмес. Жалпысынан 50 жолу уткан. Беш салмак категорияда чемпион болгон. Былтыр UFC уюмунун чемпиону, ирландиялык Конор Макгрегорду уткан.

Буга чейин Макгрегорду уткан россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Мейвезерди беттешке чакырган. Ал эми америкалык боксчу телеканалдар турнирди чагылдырууга каражат топтой бериши керектигин жар салган. UFC президенти Дана Уайт акыркы билдирүүсүндө спортчулардын кармашы ММА эрежесинде болушу мүмкүн экендигин билдирген болчу.

 

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо