
Ирландиялык Конор Макгрегор россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен тезинен реваншка чыгууну талап кылып жатат. Бул тууралуу UFC уюмунун башчысы Дана Уайт билдирди.
Конор Макгрегор менен Дана Уайт сүйлөшүп, ким менен болсо да беттешүүгө даяр экенин, бирок башкысы Хабиб Нурмагомедов менен мушташкыдай болуп кайтып келерин айткан. Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин башкы беттешинде Конор Макгрегорду утуп алган. Андан соң Хабиб Нурмагомедов бокс чебери Флойд Мейвезерди беттешке чакырган болчу.
Пикир калтыруу