Кыргызстан менен Сербия виза талаптарын алып салды

Кыргызстандыктар 8-ноябрдан тартып Сербияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат. Бул боюнча тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Келишимге ылайык, Сербиялыктар да Кыргызстанда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Кыргыз өкмөтү менен Сербия өкмөтүнүн ортосундагы жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визаны боюнча келишимге 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган. Эки тараптуу келишим 8-ноябрдан күчүнө кирет.

Бул соода-экономикалык алаканы жана инвестициянын келишин активдештирип, туризм тармагын бекемдейт. Учурда Кыргызстандын жарандары 27 мамлекетке визасыз кире алат.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*