Мамкаттоонун кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Мамкаттоо кызматынын Бишкек шаардык транспорт каттоо жана айдоочулук курам боюнча бөлүмүнүн башчысы коррупцияга тиешеси бар деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык траспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүндө коррупциялык схема токтотулган.

Жарандардан автотранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттатууда, ошондой эле автомектептердин окуучуларынан айдоочулук күбөлүк алуудагы сынакта мыйзамсыз акча алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган деп шектелүүдө.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык траспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси кармалган.

Кармалган жаран учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1430 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо