Патрулдук милиция кайрадан түзүлөт. Президент макулдук берди

Патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоор алгач Бишкекте ишке ашат. 2019-2020-жылдардан кийин реформа бүт өлкөнү камтыйт.

Жумушчу топ иштеп чыккан реформага президент Сооронбай Жээнбеков макулдугун билдирди. Президент стратегиянын пландарын ишке ашыра баштаса болоорун эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен болгон жолугушууда белгиледи.

«-МАИни реформалоо боюнча жумушка жарандык сектордун катышуусу республиканын жолдорундагы жарандардын коопсуздугун сапаттуураак камсыздоодо жана милицияга болгон ишенимди керектүү деңгээлге жеткирүүдө оң натыйжа берет», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков МАИдеги коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу үчүн  патрулдук милициянын кызматкерлерине жогору айлык маяна, социалдык пакет жана карьералык өсүштү камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Тамерлан Ибраимов билдиргендей, реформалоонун I этабында жол коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыгы менен патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт. Анын кызматтык милдеттери өзгөртүлөт.

Патрулдук милиция жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпы коомдук коопсуздукка да жооп берет. Алар бөлүнгөн участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болушат.

«-Эң башкысы, биздин пландарга ылайык, патрулдук милиция жарандар менен байланышта болуп, аларга жардам берген социалдык-сервистик кызматка айланат», — деп белгиледи Тамерлан Ибраимов.

Бул реформа үч баскыч менен ишке ашат. Биринчи — кадрларды сынактын негизинде тандоо. Экинчи баскычта тандалган кызматкерлер жарандардын укуктары боюнча маселелерди, тактикалык жана ок атуу даярдыгы, жол эрежелерин окуу сыяктуу тиешелүү окуудан өтүшөт. Үчүнчү баскыч — кызмат өтөөнүн өзү, ал антикоррупциялык чараларды жана кубаттоо ыкмаларынан турат.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында өлкөнүн президент жол кырсыктарын азайтууну тапшырган. Анын негизинде ЖКККнын  жумушун күчөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.  Бул жумушчу топ 6 жолу жыйналыш өткөрүп, ИИМдин окутуу бөлүмдөрү менен таанышып чыкты жана Аскердик-дарыгерлик ишти иликтеди.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо