Ошто чымчыктарга уя жасалды (фото)

Оштун Курманжан Датка көчөсүнө чымчыктарга атайын уя жасалды. Ал шаарды көрктөндүрүү жана айлана чөйрөгө жакшы мамиле кылууга чакырык катары «Кызыл ай» коомунун ыктыярчылары жасашкан.

«Кызыл ай» коомунун кызматкери Улан Канат уулу билдиргендей, акыркы учурда шаарда чымчыктын уяларын көрүүгө болбойт. Бул нерсени эл унутуп бара жатышкандай, ошол нерсени кайра калыбына келтирүү үчүн орнотулган.

«- Башка жактарда паркта жүрсөң, жаныңдан тыйын чычкандар жүрөт. Биздин эс алуу бактарына түшсөң, андай нерсе көрүүгө болбойт. Бул нерсени кийинки жылдан окуучулар өздөрү жасап, иле баштаса, бул биздин жетишкендик болот. Ар бир адам үйүндө жасаса деле эч кандай каражат кеипейт», деди Улан Канат уулу

Ошондой эле, бул чымчыктын уясын жасоого бир жума убакыт кеткен. Анын жалпы саны  95 даана.

Буга чейин да Ошто скверге шахмат инсталляциясы орнотулган.

 

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо