Ошто парковка үчүн кайрадан акы алынууда

Ошто жоюлган муниципалдык автотоктомолор толук ишмердүүлүгүн токтото элек. Айрымдары мэрдин буйругуна каршы мыйзамсыз жыйымдарды топтоону улантууда.  

5-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муниципалдык автотоктомолор акысыз болсун деп буйрукка кол койгон. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жүктөлгөн  эле.

Бирок биздин редакциябызга А. Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн астындагы муниципалдык автотоктомо иштеп жаткандыгы тууралуу видео келип түштү.

Бизде видео факт бар болгонуна карабай өзүбүз жерине барып текшерип көрүүнү туура көрдүк.

Биз А.Навои көчөсүндө жайгашкан муниципалдык автотоктомого барганыбызда акы төлөнгөн парковка иштеп жатканы чын болуп чыкты. Алар шаар башчысы 20 сомдон акы алып, парковканы иштетүүгө уруксат бергенин айтышты.

Ош мэриясынын маалымат кызматынын башчысы Азамат Абсатаров акы төлөнгөн парковка жоюлганын айтты.

Мэр эч кимге уруксат берген эмес. Алардын айдоочулардан 20 сом акы алып жатканы мыйзамсыз. Бул маселе боюнча аларга карата чаралар көрүлөт, -дейт А.Абсатаров.

Ал кошумчалагандай, алгач бир нече жолу эскертүү берилет. Эгер аларга эскертүү жетишсиз болсо мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар менен чаралар көрүлөт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3494 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо