Оштун жаш футболчулары Өзбекстанда баш байгени жеңди

Өзбекстандын Бухара шаарында 30-октябрдан 3-ноябрга чейин болуп өткөн футбол боюнча «MINORAI-KALON CUP» турниринде Ош шаарынын жаш футболчулары биринчи орунду багындырышты. Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 12-13 жаштагы футболчулардан куралган жалпы 12 команда катышкан. Ош шаарынын командасы финалда Казакстандан келген команданы 3:0 эсебинде жеңип,1-орунду камсыз кылышты. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети билдирди.
Т-медиа
Автор Т-медиа 3509 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо