
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген деп шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине мурунураак кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында ЖАМК көчмө механизацияшкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген деп шектелүүдө.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Пикир калтыруу