Бишкекте бокс боюнча өлкө биринчилиги өтөт

Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 15-18-ноябрь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында болот. Өлкө биринчилигине, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 19 жаштан 40 жашка чейинки спортчулар күч катыша алат.

Эркектер сегиз салмак категорияда (46-52 кг, 57 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг, +91 кг), ал эми кыз-келиндер беш салмакта (45-49 кг, 57 кг, 64 кг, 69 кг, 75 кг) күч сынашат.

Мелдешти өткөрүү үчүн Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 50 миң сом бөлүнгөн.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1434 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо