Флойд Мейвезер Октагонго чыкпайт!

Америкалык боксчу Флойд Мейвезер япониялык кикбоксчу Тенсин Насукаво менен  беттешпей калды. Бул туурасында  РИА Новости жазып чыкты. Мейвезердин айтымында, Насукаво менен беттешүүгө эч качан макулдук берген эмес. Ал кошумчалагандай, Rizin Fighting Federation уюму атаандашы менен үч раунддук кармаш өткөрүүнү суранган. Аны түз алып берүү пландалган эмес. Турнир көңүл ачуучу иш-чара сыяктуу өтмөк.  Анын айтымында, билдирүү эки жактын макулдугу жок жарыяланган. Боксчу мындай ыңгайсыздык үчүн күйөрмандарынан кечирим сурады. Буга чейин бир катар ЖМКлар Мейвезер декабрь айында Японияда өтө турчу ММА мелдешинде 20 жаштагы Тенсин Насукаво менен беттешет деп жазып чыгышкан болчу.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо