
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарындагы Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун мамлекет башчыларынын, жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышууда. Көз карандысыздык ак сарайында мамлекет башчылары ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын тар курамына катышышты. ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри катышууда.
Пикир калтыруу