Жалал-Абаддагы журналист ден-соолугу тууралуу үн катты

Жалал-Абаддагы «Малина TV» You Tube каналынын директору Санрабия Сатыбалдиева өзүнө болгон кол салуу тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал ден соолугу жакшы экенин, кылмышкерди издөөгө милиция тынымсыз иштеп жатканын билдирген.

Аллахка шүгүр! Мен жакшымын! Азыр ооруканада, дарыланып жатам. Жараатым жеңил эле. Мен үчүн тынчсызданган ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем! Жыландын да жаны оорубасын!

Чындык үчүн бул чөйрөгө аралашып, чындыкты сүйбөгөндөрдүн курмандыгына айланып кала жаздадым. Кимдир бирөөлөргө менин чындыгым жакпай жатат сыягы…

Окуя болгондон бери бүтүндөй көтөрүлүп, 7 саат суракка алып, тынымсыз иштеп, менин коопсуздугум үчүн кайгырган милиция кызматкерлерине ырахмат! Буйруса, аягына чыгып бересиздер деген үмүттөмүн!!!,-деп жазды ал.

Кечээ, 9-ноябрда маалымат сайттары Жалал-Абадда үч айдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген «Малина TV» You Tube каналынын директору Санрабия Сатыбалдиевага  эртең менен үйүнүн алдында кол салуу болгонун жазып чыгышкан.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо