Калифорнияда өрттөн каза болгондор 30дан ашты

АКШнын Калифорния штатында чыккан өрттөн каза болгондордун саны 31ге жетти.  Учурда 35 кишинин дайыны белгисиз.

Бул тууралуу эл аралык массалык маалымат каражаттары жазышууда. Маалыматка ылайык, Калифорниянын түндүгүндөгү токойдо башталган өрт Парадайс тоолорундагы 6700дөй үйдү жана чакан чарбалыкты каптаган.

Шамалдан улам уланып жаткан өрт 450 чакырым, башкача айтканда 40 500 гектар аянтты өрт каптаган.

Жергиликтүү бийликтин билдирүүсүндө, шаардагы 50 миңдей тургуну толугу менен эвакуациялаган.

 

 

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1428 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо