Майып баккандарга маяна кантип чегерилет? Түшүндүрмө

Эми тынымсыз кароого муктаж балдардын ата-энелерине айлык берилет. Өкмөттүн кароосуна жиберилген долбоор жактырылса, ноябрдан ишке ашаары күтүлүүдө. 

Өз алдынча жашай албаган балдардын ата-энелерине айлык чегерүү жөнүндөгү долбоор жакынкы 10 күндүн ичинде каралып бүтөт. Эгер колдоо тапса, оорулуу балдарын кароо менен чектелгендер 1-ноябрдан тартып айлык ала баштайт.

Айлыктын суммасы 5000 сомдун тегерегинде болот. Ал “персоналдык жардамчы” деген категориядагы патенттин негизинде чегерилет. Салык жана социалдык камсыздандыруу чыгымдары бюджеттен каралат.

Кимдер маяна алат? 

Кандай балдардын ата-энесине айлык чегерилет?

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миңдей бала каттоодо турат. Азыр анын 6000 нин ата-энесине айлык чегерилмей болуп жатат.

Тагыраак айтканда, багууга жана көзөмөл кылууга муктаж деген аныктамасы бар баланын ата-энеси гана айлык ала алат. Мындай аныктама төмөнкү ооруларда берилет:

Айлык качанга чейин берилет?

Азырынча өкмөт тынымсыз кароого муктаж балдардын ата-энелерине гана айлык чегерет. Келечекте бул жеңилдик бирөөнүн багуусуна көз каранды майыптардын баарын камтымакчы.

Маяна кандайча берилет?

Өкмөттүн токтому чыкса атайын жобо иштелет. Азыр айлыкты кантип чегерүү маселеси белгисиз болуп турат.

Ата-энелер менен жарандык коом өкүлдөрү бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келаткан. Майыптарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1434 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо