АКШнын аскердик учагы Японияда кырсыктады

Япониянын Окинава шаарына жакын жерде АКШнын  аскердик учагы кырсыкка учурады. Америка учак конуучу кемесинен учкан Ф — 18 моделиндеги аскердик учак  Филиппин деңизине түшкөн.

Американын деңиз күчтөрүнө караштуу  флоттон берилген маалыматта учактын күнүмдүк операцияларында техникалык жактан маселе чыккандыгы билдирилди.

Учактагы эки учкуч куткарылган. Өткөн айда да учак конуучу кемеден учкан MH-60 моделиндеги учак кырсыкка учураган.

Японияга караштуу Окинава аралында Американын 47 миң аскеринен турган аскердик базасы бар.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1434 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо