
Бүгүн эрте менен Мырза-Аке—Кара-Кулжа— Алайкуу жолунда кар көчкү түшүп жол жабылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалымат кызматынан кабарлады
Билдирүүгө караганда, окуя бүгүн эрте менен саат 06:10 чамасында аталаган жолдун 75-76-чакырымында катталган. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө. Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 1 манипулятор тартылган.
Оставьте первый комментарий