Кара-Суу: бийлик өтмөктүн курулушу боюнча үн катты

Кара-Суу шаарындагы алгачкы жер астындагы өтмөк декабрга барып пайдаланууга берилет. Эгемендүүлүккө бүткөрүлмөк болгон курулуш 99%га аяктап калды. 

«Туратали» базарынын жанына түшүп жаткан өтмөк 4 ай ичинде бүткөрүлөт деп айтылган эле. Май айында башталган курулуш жыл этегине чейин созулуп, мөөнөтүнөн үч айга кечикти.

Айлап созулган курулуш «Кара-Суу» базарына келип-кеткендерди жүдөттү. Ленин көчөсү жабылгандан бери базар айланасында автоунаа тыгыны күч алып турат.

Жергиликтүү бийлик элди бир аз сабыр кылып турууга чакырат. Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевдин билдиришинче, ишти тездетүү боюнча тапшырма берилген. Ноябрь ичи бүткөрүлүп калат деп ишендирүүдө.

«Ушул ай ичи сөзсүз бүткөрүлөт. Декабрга барып пайдаланууга берип калабыз. Туура, айтылган мөөнөттөн кечиктик. Буга курулуштун сапаттуу бүткөрүлүшүн башкы орунга койгонубуз себеп. Жамгыр жааса алды-артынан суу чыгып кетпейби деп кылдат текшердик. Алдыда курулуштун сапатын текшерип кабыл алуу менен жолдун үстүн асфальттоо гана иши калды»,-деди Тургунбаев. 

Буга чейин курулуш октябрда бүткөрүлөт деп убадаланган. Ошол кезде иштин артка сүрүлгөнүн топурактын борпоң чыгып калганын жүйө келтиришкен.  Аны бекемдөөдөн сырткары жаан суулары түшүп кетчү септик да кошумча курулганы айтылган эле.

Долбоордо жер астындагы өтмөктүн сметалык баасы 32 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Курулушту 28 миллион сомго тендерден утуп алган «СУТРАНСПРОМЖИЛСТРОЙ» ишканасы жүргүзүүдө.

Жер астындагы өтмөк Кара-Суу шаарында биринчи жолу курулуп жатат. Бүткөрүлсө туурасы 17 тереңдиги 8 метр  болуп, төрт тарабынан кирип-чыгуу жолу каралган.

 

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо