Ошто автоунаа уурдаган жаран кармалды

Ош шаарында  “Тико” үлгүсүндөгү эки автоунаасын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ автомашиналарды башка ачкыч менен уурдап жүргөн. Ал эки машинаны тең бир түндѳ шаарда такси катары пайдаланып, андан соң шаардан сырткаркы ээн аймактарга таштап кеткенин билдирген.

Учурда кармалган жарандын үстүнѳн иш козголуп, иликтѳѳ иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын айткандарынын негизинде эки автомашина тең табылган.

Жүргүзүлгѳн издѳѳ, иликтѳѳ иштеринин натыйжасында аталган автоунааларга шектүү катары Ош шаарынын тургуну Д.М. кармалды.  Д.М.дин кѳрсѳтмѳсү менен эки автомашина тең табылды,- деп айтылат маалыматта.

Учурда Д.М.дин үстүнѳн автоунааны укукка жат түрдѳ ээлеп алуу беренеси менен иш козголуп, иликтѳѳ иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралууда.

Сүрөттө: Уурдалды делген автоунаалар.

 

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1434 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо