
Өкмөт социалдык коргоо тутумун санариптештирүү үстүндө иш алып барат. Көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата социалдык тейлөө тармагы кеңейтилет.
Бул туурасында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, социалдык төлөмдөр механизмин оптималдаштыруу жана жарандардын айрым категорияларына даректүү көмөк көрсөтүүнү оптималдаштыруу боюнча иштер улантылат.
«Алсак, «балага сүйүнчү» жөлөк пулун бирдиктүү терезе принциби боюнча тариздөө пландаштырылууда. Мында мамкаттоо органдары тараптан калктан арыз алынып, баланын туулгандыгы туралуу күбөлүгү кошо жасалат, башкача айтканда, «балага сүйүнчүнү» тариздөө жана акча каражаттарын которуу тездетилген режимде жүргүзүлөт», – деди Абылгазиев.
Абылгазиев кошумчалагандай, 2019-жылы Кыргызстан тараптан БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенция ратификацияланышы күтүлүүдө. Аз камсмыздалган жана эмгекке жөндөмсүз жарандарга социалдык жөлөк пулдар толук жана өз учурунда төлөнүп берилет.
Оставьте первый комментарий