Балбай Дордоков дүйнө чемпиондугунда коло байге алды

Кыргызстандык балбан Балбай Дордоков Румыниянын Бухарест шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болду.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Дордоков грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, төрт беттеш өткөрдү.

Алгач жарым чейрек финалда ал ирандык Реза Хейролла Хедрини (Reza Kheirollah KHEDRI) 4:0 эсебинде жеңди.

Чейрек финалда венгриялык Бенс Ковач (Bence KOVACS) менен беттешти. Аны 9:1 эсебинде утуп алды.

Жарым финалда кыргыз балбаны грузиялык Нугзари Цурцумия менен күрөшүп, жеңишти алдырып койду (1:2).

Коло байге үчүн мелдеште Дордоков армениялык Норайр Хакхоян менен күч сынашып, 7:3 эсебинде жеңишти камсыздады.

12-ноябрда башталган 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу 18-ноябрга чейин уланат.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо