Эми медициналык адистиктер иргелет

Cаламаттыкты сактоо тармагындагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова медициналык билим берүүнү реформалоо боюнча өткөн жыйынында билдирди.

Айтымында, медициналык адистиктерге студенттерди кабыл алууда суроо-талап эске алынбай жатат. Айрым адистиктер боюнча кадрлардын жетишсиздиги байкалса, башкаларында ашыкча болууда.

«Жыл сайын медициналык жогорку окуу жайларынан 2500гө жакын студенттер бүтүрүп чыгышат. Дээрлик бардык ординаторлор шаарда калууну каалашат. Алсак, 92% ординаторлор Бишкек шаарында жана Ош шаарында 60% калышууда. Мындан улам түрдүү багыттагы адистиктерди даярдоо боюнча жана практикалык суроо талап ортосунда тең салмаксыздык пайда болууда. Жыйынтыгында алар жумушка орношо албай калышууда», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Өмүрбекова кошумчалагандай, үй-бүлөлүк дарыгерлердин макамын жогорулатуу, социалдык шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1442 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо