Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын жетекчиси кызматтан кеткени кабарланууда

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башчысы Сулайманов Шайирбек Алибаевич кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттарында жазылууда.  Интернет басылмаларда жазылгандай, анын кызматтан бошотулушу тууралуу буйрукка кол коюлган. Ал эми оорукананын директору болуп Талант Арстанкулов дайындалганы айтылууда. Ал буга чейин Улуттук гооспиталдын башкы дарыгеринин орун басары болуп эмгектенген. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Елена Баялинова тастыктаганда төгүндөгөнда жок.

Ш.Сулайманов  Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору болуп 2009-жылы 28-январда дайындалган. Ага чейин Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы болуп эмгектенген.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо