
Президент Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңешинин 80-мааракелик жыйынынын катышуучулары менен жолугушту.
Мамлекет башчы Кыргызстан үчүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тышкы жана ички саясатындагы негизги маселелердин бири экендигин белгиледи.
«Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңеши жалпы тарыхый тамырларыбызга, улуттук кызыкчылыктардын окшоштуктарына жана менталитеттердин жакындыгына таянып, чек ара салттарын жана жакшы саамалыктарын сактап гана калбастан, аны тереңдеткенине кубанычтамын», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Өлкө башчысы чек ара боюнча өз ара аракеттенишүүнүн баардык багыттары боюнча конструктивдүү диалогду колдоого даяр экендигин билдирип, КМШ ЧАКК- Шериктештиктин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тармагында дагы көп иштерди жасоо алдында турганын, өнүгүп жаткан кадыр-барктуу органдардын бири экендигин белгиледи.
Жолугушуунун аягында Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара кызматынын башчы-директорунун биринчи орун басары Владимир Кулишов Президент Сооронбай Жээнбековго «КМШ катышуучу-мамлекеттеринин чек араларын бекемдөө үчүн» артыкчылык белгисин жана мамлекет башчылары бекиткен «Шериктештик чек ара менен бекемделет» символикасын тапшырды.
Пикир калтыруу