Бишкек-Ош жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү

Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында газ ташуучу унаа өрттөндү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.  

Маалыматка ылайык, окуя унаа жолдун 260-чакырымында катталган. Газ ташуучу унаа жол жүрүп бара жатып оодарылып өрттөнүп кеткен.

Авто унаанын айдоочусу 1967-жылы туулган О. Г атту жаран унаадан жерге секирип аман калган. Учурда абалы туруктуу.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо