
Европа Парламентине мүчө өлкөлөр Жакынкы Чыгыштагы кагылышуу болгон аймактарга курал сатууларында тыгыз текшерүүнү ишке ашыруу чакырыгын салды.
Франциянын Страсбург шаарында өткөн жыйында Европарламенттин Бириккен сол фракциянын немис мүчөсү Сабина Лёсинг даярдаган отчет жана тема тууралуу токтом долбоору сүйлөшүлүп бекитилди.
150 каршы 427 кабыл жана 97 калыс добуш менен кабыл алынган токтомдо мүчө өлкөлөрдүн экспорттолгон куралдардын көзөмөлдөнүүсүндө ийгиликтүү боло албаганын, курал экспортунда дагы көп ачыктык жана эрежелер бузулган учурунда санкция мезханизминин процесске киргизилиши керектиги баса белгиленди.
Евро Биримдик курал сатуу боюнча АКШдан кийин экинчи орунда турат. Ал куралдын 40,5 пайызын Жакынкы Чыгышка жана Түндүк Африкага саткан.
Пикир калтыруу