
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Япониянын “Касима Антлерс” клубу менен жолдошдук беттеш өткөрөт. Эки команданын оюну 17-ноябрь күнү Японияда өтөт.
“Касима Антлерс” клубу ушул жылы Азия чемпиондор лигасын жеңип алган. Алар финалда Ирандык “Персиполис” командасын утуп алган.
Азыр, курама команда Японияда 2019-жылы өтүүчү Азия кубогуна даярданууда. Кыргыз футболчулары 18-ноябрда Тойота шаарына учуп барып, 20-ноябрда Япониянын курама командасы менен да жолдоштук беттешет өткөрөт.
Пикир калтыруу