
Ош облустук оорукананын жетекчиси болуп Талантбек Арcтанкулов дайындалды. Бул тууралуу облустук саламаттыкты сактоонун координаторунун орун басары Адыл Алимкулов билдирди.
Маалыматка ылайык, Арстанкулов министрликтин чечими менен бүгүн, 15-ноябрда дайындалган. Ал буга чейин Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары болуп эмгектенген. Жамаатка жаңы жетекчини министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов тааныштырды.
Эске салсак, оорукананын мурунку жетекчиси Шайырбек Сулайманов 2009-жылдан бери башкы дарыгер болуп эмгектенип келген.
Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасына ушул жылы 133 жыл толду. Тарыхы 1885-жылдан башталган оорукана Ош шаарында Россия падышасынын армиясына медициналык кызмат көрсөтүү үчүн 15 орун менен ачылган.
1970-жылы Ош көп тармактуу ооруканасын куруу чечими чыгарылып, анын курулушу 1985-жылы аяктаган.
Пикир калтыруу