“Реал” Сантьяго Солари менен 2021-жылга чейин келишим түздү

“Реал Мадрид” клубунун директорлор кеңеши  Сантьяго Соларини башкы машыктыруучулукка бекитти. Аны менен 2021-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзүлдү.

Зидан “Реалдан” кеткенден кийин анын ордуна Испания курамасынын башкы машыктыруучусу Хулен Лопетеги келген болчу. Команда быйыл Испан чемпионатындагы оюндарын ийгиликсиз баштап, “Барселонадан” жеңилгенден кийин Лопетегини жумуштан алынган. Анын ордуна убактылуу иштеп жаткан Солари менен “Реал” өткөргөн акыркы төрт беттешинин баарын утуп чыккан.  Испания чемпионатында 12-турдан кийин “Реал Мадрид” 20 упай менен 6-орунду ээлеп турат. Чемпионатта лидерлик кылган “Барселонада” 24 упай бар.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*