Ильзат Ахметовго “Арсенал” «Рома» клубтары кызыгууда

Кыргызстанда туулуп-өскөн  футболчу Ильзат Ахметовго “Ромадан” менен Лондондун “Арсенал” клубу кызыгууда. Бул тууралуу Орусиядагы маалымат булактарына таянуу менен Кыргызстандагы ЖМКлар жазышууда.

Ильзат Ахметовдун ЦСКА менен болгон келишими 2022 –жылга чейин түзүлгөн. Ильзат быйылкы сезондо 17 ирет футбол талаасына түшүп, 3 жолу ыңгайлуу учурду түзүп берген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкекте төрөлгөн. Бала чагынан борбор калаанын “Алга” клубунда ойноп, окуучулук кезинде үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кетишкен. Ал жакта Казандын “Рубин” командасында ойноп, 2018-жылы Москванын ЦСКА клубуна өтткөн болчу. Учурда футболчу команда курамында чемпиондор лигасына да катышкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5414 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо