Кавказ тоолорунун бирине Айтматовдун аты ыйгарылды.Фото

 

Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бири — Чыңгыз Айтматов чокусу деп аталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Султан Раев фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал чокуга кечээ, 16-ноябрда Кыргызстандын Мамлекеттик желеги, Айтматов чокусунун табличкасы  орнотулган. Чокуга табличканы кыргыз альпинисттери жеткиришкен. Кавказ тоосунун чокусу Чыңгыз Айтматов чокусу деп аталып калды.

-13-ноябрда альпинистерибизге ак жол каалап сапарга узаттык эле, алар бул чокуну багынтты.Бул иш-чараны толугу менен КР Президенти С. Ш. Жээнбеков колдоп, каражатын чечип берди.Чыңгыз Айтматовдун атактуу Кавказ тоосундагы чокусу жана чокуда желбиреген Кыргыз желеги кут болсун!-деген Султан Раев.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3477 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо