
Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Орусиянын жараны деген маалыматтар тарады. Кош жарандуулук алып жүргөнү Facebookтагы Компр.KG баракчасында жарыяланып, анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты иштеөөсүнө укугу жок деп жазылган.
Ал жерде Таалайбек Сарыбашовго тиешелүү делген Орусиянын паспортунун серия номери жана өздүгүн аныктоочу маалыматтар жазылган.
(интернеттен алынган сүрөт)
Маалыматта Сарыбашов 2002-жылы Орусиянын паспортун алып, кайра аны 2016-жылдын 30-марттында жаңылаганы айтылат.
Жарандыкты текшергенде…
Биздин редакция ФБдагы маалымат боюнча факт чекинг жүргүзүүнү чечтик. Адегенде айтылгандардын чын-төгүнүн Таалайбек Сарыбашовдун өзүнөн тактоого аракет жасадык. Бирок өзү менен байланышканга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Ал эми мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаровго кайрылганыбызда, интернетке чыккан маалымат боюнча мэрдин кабары бар экенин айтты.
«-Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ошол көрсөтүлгөн жылдары мигрант болуп жүргөн. Бирок Орусиянын жарандыгын алган эмес. Кечээ социалдык тармактарда жана айрым сайттарда чыккан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул жалган маалымат», — деди Азамат Абсаттаров.
Мэриянын басма сөз кызматы башка ЖМКларга да башынан бери эле маалыматты төгүнгө чыгарып келүүдө. Ал Спутник сайтына берген интервьюсунда мэр интернетке чыккан маалыматтан кабары бар экендиги тууралуу айтат. Ошондой эле Элет медиа сайтында мындай жалган маалыматтарды тараткандар мэрдин абийирине шек келтиргендигин билдирет.
Биздин редакция маалыматтарды Орусиянын ачык булактарынан такташтырып көрдүк. Фейсбук желесиндеги Компр.KG баракчасындагы маалыматка ылайык Таалайбек Сарыбашов 2002-жылы 5003098451 серия номурундагы паспортун алып, аны 2016-жылы 5016614563 серия номурундагы паспортуна жаңылаган деп жазылат. Ал паспорттор Орусиянын каттоосунда барбы жана ал жарактуубу? Бул тууралуу төмөнкү видеодон көрө аласыздар.
Биз жогорудагы маалыматты ачык булактардан изилдеп көрдүк. Азырынча Кыргызстандын тиешелүү органдары Т.Сарыбашовдун кош жарандуулугу боюнча үн ката элек. Ачык булактардан алынган маалыматтарды эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик кызматтары гана расмий түрдө тастыктап же төгүнгө чыгара алат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мыйзамы кош жарандуулукка уруксат бербейт. КРнын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 22-беренесинин 5-пунктунда башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчи кызмат орундарын ээлей албайт деп айтылат.
Оставьте первый комментарий