Ошто жаш гимнасткалар мелдешти. Фото

Ош облусунда биринчи жолу кыздар арасында көркөм гимнастика боюнча мелдеш болуп өттү.

3 жаштан 10 жашка чейинкилер арасында көркөм гимнастика боюнча Ош шаарынын биринчилиги 17-ноябрда башталган эле.

Мелдештин расмий ачылышына Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, КРнын көркөм гимнастика боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Светлана Маисеева катышты.

Саркарбаев мелдештин түштүк аймагында биринчи жолу өтүп жатканын баса белгилеп, иш-чара көркөм гимнасиканы өнүктүрүү, ага жаштардын кызыгуусун арттыруу максатында өтүп жатканын билдирди.

Турнирге Бишкек жана Ош шаарларынан 3 жаштан 10 жашка чейинки 140 спортчу кыз катышкан.

Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4113 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо