Прокурордун өлүмүнө шектүү кармалды

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон. Каза болгон прокурорду анын өлүмүнө шектелип жаткан киши менен окуя болор күнү чогуу көрүшкөн. Шектүү катары кармалган адам Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп чыккан. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Каза болгон прокурордун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жайгашкан жерден табылган.

Эске сала кетсек, Мамажакыпов Анарбай Кубатидинов Баткен облусунун прокурору болуп ушул жылдын 31-майында дайындалган эле. Ал эми Баткен облусуна келгенге чейин ал Талас шаарынын прокурору болуп иштеп келген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо