Кара-Балтадагы атышуудан жабыркагандар ооруканада жатат

Кара-Балта шаарында атышууда жабыркаган милиционер жана кылмышка шектүү адам ооруканада жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгын маалымат кызматы билдирди. 

“Окуя 18-ноябрда таңкы саат алтыларда болгон. Криминалдык милиция менен атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери издөөдөгү кылмышкерди кармаганы барган кезде ал каршылык көрсөтүп, ок аткан. Натыйжада милиция кызматкери жарадар болгон. Кармоо учурунда шектүү да жараланып, экөө тең ооруканага жеткирилди”-, дейт басма сөз катчы Назира Имангазиева.

Учурда бул факт боюнча Жайыл райондук тергөө тобу тарабынан «укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу» негизинде кылмыш ишин козгоду.

Жабыркагандар алгач Чүй аймактык ооруканасына жеткирилип, андан соң бири Бишкекке которулган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3509 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо