Каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө 800 миң сом бөлүнөт

  • Баткен облусунда киши колдуу болгон прокурордун үй-бүлөсүнө кесиптештери 800 миңге жакын акча каражатын чогултуп бере турган болду. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Эске сала кетсе, 17-ноябрдан 18не караган түнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон. Каза болгон прокурордун өлүмүнө шектелип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалган.

Мамажакыпов Анарбай Кубатидинов Баткен облусунун прокурору болуп ушул жылдын 31-майында дайындалган эле. Ал эми Баткен облусуна келгенге чейин ал Талас шаарынын прокурору болуп иштеп келген.

Киши колдуу болгон прокурордун сөөгү бүгүн жерге берилди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5128 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо